БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Бишкекасфальт" ишканасы борбордогу жол чийиндерди жаңыртуу ишин улантып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Исанов, Фрунзе жана Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү жол чийиндер сары түскө боёлду.
"Бишкекасфальт ишканасы күн сайын борбордогу жол чийиндерди жаңыртып жатат. Жакшы көрүнүшү үчүн алар сары түскө боёлууда", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин ишкананын жетекчиси Мирлан Амантуров жол чийиндерин боёгон сыр Россия менен Европадан келип, сапаты мыкты экенин билдирген.