БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Алматы — Астана унаа жолундагы кырсыкка кабылган айдоочуга жардам керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Балхаш шаарынын борбордук ооруканасынын директору Аскар Махмутов билдирди.
Эскерте кетсек, кырсык аталган кан жолдун 385-чакырымында, башкача айтканда Алматы, Жамбыл жана Караганда облустарынын чектешкен жеринде болгон. Мында Mercedes Vito микроавтобусу менен Setra үлгүсүндөгү автобус кагышып, унаа ичиндеги беш киши каза болгон.
Махмутовдун айтымында, айдоочунун жанында эч кандай документтери болгон эмес.
"Бизге жабырлануучуну Приозерск шаарынын борбордук ооруканасынын жиберишти. Учурда травматология бөлүмүндө жатат. Анын кабыргасы сынган. Тез арада операция жасоо зарыл. Жанында документтери жок болгондуктан, кыйынчылыктар жаралууда", — деди ал.
Дарыгер Кыргызстан менен Казакстан КМШ өлкөлөрүнө мүчө болгондуктан, үч күн ичинде акысыз медициналык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.
"Бирок бул үчүн документтери керек болуп жатат. Сиздер жакындарын тапканга жардам берип койсоңор жакшы болот эле", — деди дарыгер.
Махмутов жабырлануучунун аты Исраилжан Махамадалиев экенин айтып, айдоочу Ош шаарынын тургуну экенин кошумчалады.
Буга чейин Приозерск шаарынын борбордук ооруканасынын директору Нурлан Шагиров кырсыктан бир аял төрт баласы менен каза болгонун, ал эми айдоочу үй-бүлөнүн ээси экенин маалымдаган.