БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев шаршемби күнү Өзбекстандын элчисин жана Казакстандагы консулдуктун башчысын дайындоо боюнча жарлыктарга кол койду.
Ага ылайык, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп Данияр Сыдыков дайындалса, Алиясбек Алымкулов Казакстандын Алматы шаарындагы башкы консул кызматын аркаламай болду.
Эскерте кетсек, шейшемби күнү Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Алматыдагы башкы консулдукка Алиясбек Алымкуловдун талапкерлигин жактырган. Ал 2011-жылдын 2014-жылга чейин эмгек, миграция жана жаштар министри болуп келген.