БИШКЕК, 21-июн. – Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчилигине Данияр Сыдыковдун талапкерлигин жактырды.
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комитеттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева билдирди.
Тартип боюнча Сыдыковдун талапкерлигин эми президент Алмазбек Атамбаев карайт.
Сыдыков буга чейин Тышкы иштер министринин статс-катчысы болуп иштеген. Ал эми элчилик кызматты ага чейин Эмил Узакбаев аркалаган.