БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Алайдагы сел 10 үйдү каптап, Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолун толугу менен иштен чыгарды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-июнь күнү саат 16:30дар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Гүлчө айыл аймагындагы Жылуу-Суу айылында сел жүрүп, 10 турак үйдүн айланасына жана короолоруна суу кирген. Мындан сырткары, ушул эле күнү саат 17:00дө селдин кесепетинен Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 71-76-83-94-чакырымдары толугу менен жабылган.
Жол тейлөө ишканасынан жолду тазалоого бир даана грейдер, бир даана жүктөгүч тазалап, унаа жол саат 21:30да эки тараптуу ачылган, жолду кеңейтүү иштери бүгүн да улантылмакчы.