БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Эл аралык валюта фондусу (ЭВФ) аткаруу кеңеши Кыргызстанга токтоосуз 13,4 миллион доллар бөлүү чечимин бекитти. Бул тууралуу аталган банктагы Кыргызстандын өкүлү билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-июнь күнү ЭФВ насыяларды жайылтуу механизми үчүн үч жылдык келишиминин алкагында Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн тыкыр иликтеп чыккан.
Анын жыйынтыгы менен Кыргызстанга токтоосуз жардам көрсөтүүнүн жалпы суммасы 40,3 миллион долларга жетет.
Ал эми насыяларды жайылтуу механизми үчүн 92,4 миллион доллар бөлүп берүү боюнча макулдашууга 2015-жылдын 8-апрель күнү кол коюлган.
Аталган каражаттар Кыргызстандын расмий бийлиги тарабынан ЭФВтин программаларын толук кандуу аткаргандыгы үчүн бөлүнгөн.