БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Чечен республикасынын парламенти бейшемби күнү мөөнөтүнөн мурда ишин токтотууну чечти. Жаңы парламентти шайлоо иш-чарасы быйылкы жылдын сентябрында өткөрүлмөй болду. Парламенттин азыркы курамы жаңы депутаттар шайланганга чейин ишин улантат.
"Урматтуу достор! Бүгүн Чечен республикасынын парламенти мөөнөтүнөн мурда таркоону чечти. Депутаттар 82-жыйынга так ушул суроону талкууга коюшкан эле. Келерки парламенттик шайлоо 2018-жылы сентябрь айында өтүшү керек болчу. Бирок каражатты үнөмдөө максатында 2016-жылы өтө турган өлкө башчыны шайлоо менен парламенттик шайлоону бир убакытта өткөрүү чечимине келдик", — деп Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун Instagram баракчасына жазылган.
Кадыров депутаттарды Россия менен Чечен республикасынын өнүгүшүнө кошкон чоң салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.
Азыр иштеп жаткан III чакырылыштагы парламент 2013-жылы сентябрь айында шайланган. Анын иш мөөнөтү эки жылдан кийин аяктамак. Чечен парламенти ушуну менен экинчи жолу таркап жатат.