БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ишканасы Бишкектеги чоң сааттын эки циферблатын капиталдык ремонттон өткөрүп жатканын шаардык мэрия билдирди.
Ремонт иштеринин жүрүшүндө сааттагы сандар, жебелер сусаль (алтын түстөгү кагаздай жука металлдан жасалган нерсе — ред.) алтыны менен капталып, тышкы жарнама үчүн каралган конструкциялар алып салынат.
Оңдоо иштери сааттын жагымсыз көрүнүшүнөн улам жана Эгемендүүлүк күнүнө карата башталган. Анын аяктоо мөөнөтү болжол менен эмки айдын ортосуна белгиленүүдө.