00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуттук академиялык драма театрынын чыгармачылык саясаты жана өнүгүү багыттары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Быйыл түштүк аймакта "сары кыздын" баасы арзан

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАбрикос сатып алып жаткан аял. Архив
Абрикос сатып алып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда базарда өрүктөр 20-25 сомдон сатылууда.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Быйыл Баткен облусунда өрүктүн жана гиластын (черешня) баасы бир кыйла түшүп, учурда өрүк 20 сомдон, гилас 60-70 сомдон сатылып жатканын Баткен шаарынын борбордук базарында соода кылган Ырысбү Ибраева билдирди.

Анын айтымында, былтыр өрүктүн баасы 100-120 сомго чейин көтөрүлгөн.

"Өрүктөр жаңы бышкан кезде 60 сомго чейин саттык. Азыр бардык жакта өрүктөр бышкандыктан алардын эң жакшылары 25 сомдон, калгандарын 20 сомдон сатып жатабыз. Гиласты да 60-70 сомдон сатуудабыз. Анын деле убагы бүтүп калды. Былтыр аны 130га чейин саттык эле", — дейт ал.

Ибраева дыйкандар өстүргөн өрүгүн бузулуп жок болуп кетпесин деп атайын келген фураларга арзан эле өткөрүп жатканын айтат.

Базарда өрүк сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЮСАИД Баткен өрүктөрүн өргө тарттыбы же көргө салдыбы…
"Ак өрүктөр эрте бышып, көпкө жакшы сакталбайт. Андыктан аны бузулуп кетпесин деп эле башка жактардан келген алармандарга 25-27 сомдон берип жатышат. Негизинен Баткендин өрүктөрүн Бишкек, Казакстан, Россияга алып кетип жатышат", — дейт ал.

Сатуучу күн ысык болгондуктан сары өрүктүн алды бышып калганын баса белгиледи.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Жеңиш Разаков өрүктүн баасы түшүп жатканын быйыл анын көп болгону менен түшүндүрүп, чет мамлекетке да сатылып жатканын айтты.

"Азыр абрикос — ак өрүк бышып ал Россияга, коңшу Тажикстан мамлекетине да сатылып жатат. Ак өрүктү чет жакка сатуу боюнча алармандар менен сатуучуларга шарт түзгөнбүз", — дейт Разаков.

Картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстандын картошкасына койгон тыюуну алды
Облус башчысы ак өрүктү кургатканга болбой турганын, андыктан аны жаңы кезинде эле жеп, же компот жасаса болорун белгиледи. Ошондуктан дыйкандар келген алармандарды качырбай, терген түшүмүн өткөрүп калууга аракет кылып жатканын, анын убагы өтүп кеткенден кийин баа болбой каларын кошумчалады.

Ушундай эле көрүнүш Жалал-Абад облусунда да байкалат. Быйыл жаан көп жаап, күн ысык болгондуктан өрүктөр жакшы чыкканын жергиликтүү тургун Максат Бакиров айтат.

"Жазында үшүк жүрдү дегени менен өрүктөрдү үшүк албаптыр. Күн да ысык болуп, жаан да мол жаады. Азыр өрүк төгүлүп эле бышып жатат. Базарда 20 сомдон 40 сомго чейин сатылууда. Былтыр өрүктү үшүк алып кеткендиктен түшүм аз болуп, анын килограммы базарда 100 сомго чейин сатылган", — дейт жергиликтүү тургун.

Эскерте кетсек, март айында Жалал-Абад облусуна кар жаап жаңы гүлдөгөн мөмө бактарды үшүк алган делинген болчу.

Бакиров андан сырткары азыр Жалал-Абад шаарынын базарында облустун аймагында бышкан гана өрүктөр сатылып жатканын, башка аймактардын өрүктөрү келе электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0