Аксыда кар жаап, гүлдөгөн өрүктү үшүк алышы мүмкүн

Жазылуу
Фермерлер кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатышканы менен алардын аракетти текке кетиши ыктымал деп эсептейт эксперттер.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районунда кар жаады.

Жалал-Абаддын Аксы районунда кар жаады
1/3
Жалал-Абаддын Аксы районунда кар жаады
Мындай аба ырайынан гүлдөгөн өрүктү үшүк алышы мүмкүн
2/3

Кыргызгидрометтин божомолу боюнча облус боюнча 17-19-март күндөрү жаан, ал эми тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө.
3/3

Мындай аба ырайынан гүлдөгөн өрүктү үшүк алышы мүмкүн. Жергиликтүү дыйкандар негизги кирешени аларга өрүк алып келерин белгилешүүдө.

Жаз келди. Өрүк гүлдөдү
Айыл тургуну Талаайбек Мырзакматовдун айтымында, жергиликтүү жашоочулар талаага түтөтмөлөрдү коюп жатышат. Бирок бул аракеттен майнап чыкпай калышы да мүмкүн экени айтылууда.

Кыргызгидрометтин божомолу боюнча облус боюнча 17-19-март күндөрү жаан, ал эми тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. 

Ал эми түн ичинде аба ырайынын температурасы эки градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0