Англияда Улуу Британиянын канышасы Елизавета IIнин туулган күнүнүн урматына салтка айланган жөө жүрүш болсо, Гонконгдо жыл сайын өтүп туруучу ажыдаарлар кайыгынын фестивалы болду.
Ал ортодо Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кореядагы балдар бирикмесинин 70-жылдык мааракесине катышып, Бразилияда айымдардын укугун коргоого чакырган нааразычылык акциясы өттү.
Бул апта кырсыксыз өткөн жок. Стамбулда аялдаманын жанында жардыруу болсо, Орландодо атышуу катталды.

Ишембиге караган түнү АКШнын Орландо шаарындагы гей-клубда ок атылып, андан 50 киши каза болду. Дагы 53 адамдын жарадар болгону айтылууда. Окуя өлкө тарыхында эң ири массалык киши өлтүрүү деп бааланып жатат
Ок атууга шектелген Омар Мартин Федералдык иликтөө бюросуна чалып, "Ислам мамлекети" террордук тобун колдой турганын билдирген. АКШнын президенти Барак Обама болгон окуяны теракт деп атады
Ок атууга шектелген Омар Мартин Федералдык иликтөө бюросуна чалып, "Ислам мамлекети" террордук тобун колдой турганын билдирген. АКШнын президенти Барак Обама болгон окуяны теракт деп атады

Стамбулдун чок ортосундагы Бейазыт районунда миналанган унаанын жарылуусунан 11 киши каза тапты. Анын алтоо — полиция кызматкери. Дагы 36 адам жаракат алган
Акыркы мезгилде Стамбул террордук чабуулга көп тушугууда
Акыркы мезгилде Стамбул террордук чабуулга көп тушугууда

Крымдын Киров, Бельбек аэродромдорунда жана "Чауда" полигонунда учкучтардын "Авиадартс-2016" аттуу мелдеши болуп өттү

Евро-2016. Салтанаттуу ачылыш Париж шаарынын 80 миң күйөрманды батырган "Стад де Франс" стадионунда өттү. Биринчиликке 24 улуттук курама команда катышууда. Биринчи беттешүүдө француздар румыниялыктарды 2:1 эсеби менен утуп алды

Букингем сарайында Елизавета IIнин туулган күнүнө карата өтүп жаткан иш-чарада гардиячы эс-учун жоготуп жыгылды. Каныша быйыл 90 жылдыгын белгиледи. Анын 21-апрелде төрөлгөнүнө карабастан Англия бул майрамды июнь айында белгилеп келет

Уэльстин курама командасы Францияда өтүп жаткан Европа чемпионатынын тайпалык беттешүүсүнүн алкагында Словакияны утуп алды. Ишемби күнү Бордо шаарында өткөн В тайпасындагы оюн 2:1 эсеби менен аяктады

Гонконгдо жыл сайын өтүп туруучу ажыдаарлар кайыгынын фестивалы болду. Анда катышуучулар ажыдаардын айкели түшүрүлгөн кайыктар менен жарышышты

Лондондо өткөн World Naked Bike Ride велосипедчендер акциясы. Иш-чаранын максаты май менен иштөөчү унаалардан баш тартуу болуп саналат

Уфада өткөн жубайларды көтөрүү турнири. Мелдешке 23 жуп катышып, жеңүүчүлөр белектер менен сыйланды. Эрежеге ылайык мырзалар айымдарын жонунда көтөрүп 250 метр аралыкты басып өтүшү керек

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кореядагы балдар бирикмесинин 70 жылдык мааракесине катышты

Сан-Паулудагы айымдарга карата зомбулукка каршы акциясындагы селфи. Нааразычылык акциясы 21-май күнү интернетке жарыяланган видеодон кийин уюштурулган. Тасмада 30га чукул эркектин 16 жаштагы кызды кордогону тартылган

Жакартадагы Истикляль мечити. Мында айымдар Разаман айынын урматына сыйынууда

Пакистандагы үй-бүлөлөрдүн бири. Ооз ачаар алдындагы бата кылуу

АКШнын биринчи айымы Мишель Обама. Ак үйдүн короосундагы түшүмдөрдү жыйноо учурунда

Австралияда катуу толкун болуп, кырсыктын кесепетинен үч адам каза таап, 86 миң адам жарыксыз калды

Бельгиянын Мускрон шаарынан Льер под Льежем шаарына сапар алган поезд жол кырсыгына учурап, андан үч адам каза болду. Мындан сырткары, 9 адам оор жаракат алган

АКШнын Кентуки штатынын Луисвилль шаарындагы Мухаммед Алини акыркы сапарга узатуу зыйнатына 14 миңден ашуун адам катышты. Легендарлуу мушкер Али 74 жашында каза болду
