Ишемби күнү аптаптуу ысык сакталат

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтандын жанындагы кичинекей кыз. Архив
Фонтандын жанындагы кичинекей кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык аба ырайынан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Дем алыш күндөрү өлкө аймагында күн ысык боло турганын Кыргызгидромет билдирди.

Мындан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн.

11-июнунда республиканын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 12-13-июнда кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0