Келген топтун мүчөсү Катерина Кошконун айтымында, үч күн ичинде Ысык-Көлдөн жылдын үч мезгилин тартып алышкан.
"Барскоон капчыгайынан ооздон буу чыкса, аптаптуу жай Ысык-Көлдүн жээгинен тартылды. Ал эми коңур күз Жомок капчыгайынан чагылдырылды", — деп билдирди казакстандык конок.
Ал Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу көздүн жоосун алып, бул жакка кайра кайтып келүүнү каалап жатканын билдирди.