БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев президенттикке талапкер болгондордун кыргыз тилин билүү деңгээлин Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы 12 кишиден турган топ эмес, системалуу тест аныкташы керектигин демилгелеген.
Эл өкүлү Конституцияда өлкө башчысы болом деген киши кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экени жазылганын айтып, демилгечилер БШКнын алдындагы атайын топко каршы чыгып жатканын белгиледи.
"Кыргыз тилин билүү керек деген берене Конституцияда бар, аны эч ким ала албайт. Биз болгону БШКнын алдындагы атайын топ саясый куралга айланбасын деп жатабыз. Чакан гана кишилердин тобу талапкерлердин тагдырын чечип коюп жатат. Андай болбош керек. Кыргыз тилин билет, билбейт деген чечим жалпы система менен, мисалы Кыргызтест сыяктуу сынактар менен аныкталышы керек", — дейт ал.
Жээнчороев учурда мындай демилге жаңы көтөрүлүп жатканын айтып, мыйзам долбоору даярдалып жатканда коомчулуктун жана башка тийиштүү тараптардын пикири дагы эске алынып, коомдук талкууга коюларын баса белгиледи.
Эл өкүлү Дастан Бекешов кесиптешин колдоого алып, компьютерди алдоо мүмкүн эмес экенин айтат.
"Мен бул демилгени колдойм. Бизде кыргыз тест деген иштелип чыкпадыбы, ошону эле атайын талапкерлер үчүн түзүү зарыл. Компьютерди алдоо мүмкүн эмес да. Андыктан ал калыс жыйынтык берет. БШКнын алдындагы Тил комиссиясы саясий курмандык болуп кетти дегенге кошулбайм, бирок компьютердик тест кылган туура болот", — деди Бекешов.
Экс-депутат Исмаил Исаков компьютердик тест учурунда талапкердин сүйлөө кебин билүүгө мүмкүн болбой каларын айтып, саясий курмандыкты жоюунун башка жолун сунуштады.
Ал эми журналист, ЭлТр телеканалынын мурунку жетекчиси Шайырбек Абдрахман уулу демилгечи депутат келечекте президенттикке талапкер болчу партиялашына жол ачып жатат деп эсептейт.
"Бул демилге "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутатына тиешелүү болгондуктан аталган фракциянын келечектеги президенттикке талапкер болчу партиялашына жол ачуу, ыңгайлык түзүү катары көрүнөт экен. Сунушка кайтып келчү болсок, БШКнын Тил комиссия түз эфирде сынак өткөргөндүктөн журналисттерди көбөйтүп, түз эфирди мыкты уюштуруу керек. Сынакты жогорку деңгээлде уюштурсак маселе чечилет", — деди журналист.
Анткен менен укук коргоочу, бир канча ирет президенттикке талапкер болгон Токтайым Үмөталиева Тил комиссиясы талапкерлер үчүн акысыз жарнама деген ойдо.
Ал ортодо КРдин президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов депутаттын демилгесин популисттик кадам деп атады.
"Демилге түп тамырынан бери туура эмес. Ара чолодо чыгып калган ой-пикир деп айтаар элем. Бул сунуш кыргыздын табитине каршы келет. Тил комиссиясын саясий курмандык дегени да туура эмес. Президенттик кызмат мамлекеттеги эң чоң даражалуу орун. Андыктан атайын дасыккан адистердин элегинен өткөнү туура", — деди Эрматов.
Ал улуттук комиссия тарабынан тестирлөө системасы иштелип чыкканын айтып, жакында бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тили боюнча тест тапшырарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, талапка ылайык президенттикке талапкерлер Тил комиссиясына үч этаптан турган сынак тапшырат. Биринчи этапта 30 мүнөт убакыттын ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программаларын жазуу түрүндө бериши керек, экинчи этапта шайлоо алдындагы программаларын оозеки баяндап берет. Ал эми үчүнчү этапта талапкерлер көркөм окуу сынагынан өтүшөт.