"Эмгекчил "менин айылым,
Эченге кеткен дайының.
Кызыксаң ырдап берейин,
Кыялдын минип кайыгын.
Өзгөдөн мурда сени айтам,
Өзүңдө түпкү тамырым.
Көчөңдө таптап тулпардай,
Көргөздүң аалам жарыгын.
Алмадай бала чагымда,
Ал кезде өсүп айылда.
Томпоңдоп ойноп чыр салган,
Тоо-ташың бүтүн дайын да.
Боз-Бешиктен башталган,
Болочок үчүн камылга.
Жолуңда турат жазылып,
Жөө баскан күндөр Нарынга.
Теңирим колдоп ар жактан,
Теңир-Тоо үстүн кар баскан.
Топурак ээлеп айылым,
Тоо этектеп жайгашкан.
Оро-Башы, Кыз-Мазар,
Оргуштап булак кайнаткан.
Тобурчак жылкы, кою көп,
Торпогу семиз жай баскан.
Сураса айтам келелек,
Суктанткан айлым керемет.
Буулугуп турат тез-тезден,
Булуттар жамгыр себелеп.
Күрөлүп жатса береке,
Күмүштү издеп не керек.
Айгырын чабат жигиттер,
Алтындын үстүн тебелеп.
Эселек кезим чунак бу,
Эстеймин бала куракты.
Кой, жылкы карап жүгүрүп,
Кочуштап жуткан булакты.
Эмгекчил чөбүң азыр да,
Энемдин жыты сыяктуу.
Күн сайын сага бет келбей,
Күн көрөм шаарда тез келбей.
Кез кезде барып калганда,
Кечээги күндөр эч келбей.
Килейген тоолор баягы,
Кичирейип кеткендей.
Ааламдан тийип жарык нур,
Айлыңды чансаң айыптыр.
Башыма келген бакыттын,
Башаты сенде калыптыр.
Айанып жаным ооруса,
Айылым өзүң айыктыр.
Баягы кездей балдар жок,
Баягы кездей жандар жок.
Жон-кырда сүйлөп отурган,
Жомоктуу чалдар калган жок.
Өзгөрдүң айлым сен дагы,
Өзгөрдүм мен да аргам жок.
Чоң атам ашкан жон турат,
Чоң энем элес кол сунат.
Чүкө аткан балдар көрүнбөй,
Чүмкөнүп чаңга жол турат.
Байралып кийин келем деп,
Башымдан кетпей ой турат.
Жалынсам болот миң жолу,
Кагылсам болот миң жолу.
Кечинде, таңда сен менен,
Керемет кандай бир болуу.
Жазган кат, өмүр түгөнсө,
Жатармын барып бир жолу…