Мындан 3 жыл мурун жумушка байланыштуу Астана шаарына келип калдым. Кеч күз эле. Көчөгө чыгып, ызгаар шамалына тоңуп, такси таппай кыйналгам. Көрсө, ал шамал эч нерсе эмес экен. Кышында 40 градус суук болот дегенди укканда "Астанада эч качан жашамак эмесмин" дедим эле. Азыр бул блогду Астанадагы 16 кабаттагы батиримден жазып жатам. Жумушка байланыштуу бул жакка келгениме бир ай болду.
1-май күнү Астанага келдим. Аэропорттон түшүп "такси керекпи" дегендерди укмаксан болуп, түз эле фирманын таксилерин көздөй жөнөдүм. Анткени бир жолу Алматы шаарынын аэропортунан автовокзалына чейин 100 долларга барып, андан ары Бишкекке 250 сомго маршрутка менен кеткенден кийин жеке таксилерге отуруудан качып калгам. Таксиге отуруп, шаарды көздөй бет алдык. 20 чакырымдык жолду кыскартып, таксист менен аба ырайын талкуулап бараттык. Ал аңгыча астыбызда келе жаткан автоунаа күтүүсүздөн жолду тороп, токтоп туруп алды эле таксист "бишкектик айдоочулар көбөйүп кетти" деп калды. Көрсө, ал эки жыл мурун Ысык-Көлгө эс алууга барып, Бишкекке кайрылып, жол эрежесин көзгө илбеген "шумахерлерди" көрүп кайткан экен. Анын үстүнө мен да Бишкектен келе жатканымды кеп салгам…
Кыргыз казакка окшошпу же казак кыргызгабы?
Жакында дагы бир кызык окуя болду. Айтсам ишенесиңерби? Бул жакта биринчи жолу кыргызды көрүп, казактарга окшош экенин түшүнгөндөр бар экен. Ал күнү аэропортто курбумду күтүп отургам. Бир жаш казак жигит саат сурап калды. Албетте кыргызча жооп кайтардым. Анын "сиз кимсиз?" деген суроосуна кыргызмын деп жооп бергенимде "кыргыздар да казактарга окшош болот экен да" деп балп эттирди…
Таксинин мекени Бишкек деп жүрсөм, таксинин баары Астанада экен. Бирок биздикиндей шашкеси бар таксилерден эмес. Шаардын каалаган багытына "автостоп" менен кете бересиң. Бизде "Бета Сторес" соода борборунун Улуттук филармонияга чейин (арасы болгону бир аялдамага чукул) такси 70 сомго жеткирсе, бул жакта 50 сомго жакын акчага (300 теңге) шаарды кыдырсаң болот.
Жарнамалык жалбырактай кагаздар шаар көркүн бузбайт
Мен аба ырайы жакшы кезде автобус менен жүрүп, аялдамаларда көп турам. Айнек сымал материалдан жасалган аялдамаларда "батир сатам" же "швеяга кыздар керек" деген жарнамалык кагаздарды көрбөйсүң. Айнектер жалтыраган боюнча турат. Зым карагайлар да таптаза. Астаналыктар жарнамаларын шаардын көркүн бузбай тургандай кылып берүүнүн жолдорун табышкан го деп калдым.
Эң башкысы, Бишкектин хлор даамданса да суусун сагындым. Анткени бул жакта биринчи күнү крандан билбей ичип алган суунун даамы дагы деле оозумда. Чынын айтайынбы? Биздин хлор суу даамдуураак. Астанада 50 теңгеге (10 сом) беш литр суу сатып алып турам.
Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн