БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү "Жал" кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жол чийинди боеп, катуу ылдамдыкка бөгөт болуучу тосмо орнотушту. Бул тууралуу аталган бирикме билдирди.
Иш-чара "Ылдамдык" долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Аталган аймактагы жол чийин өчүп калган. Анын айынан көпчүлүк айдоочулар жөө адамдарга жол бербей келишкен. Мындан тышкары, жолго жакын жерде №80 мектеп жайгашканын бирикме мүчөлөрү билдиришти.
Жол чийинди боёо иш-чарасы жөө адамдардын коопсуздугун сактоо үчүн жасалды. Ал түнкүсүн "Бишкекасфальтсервис" ишканасы менен биргеликте ишке ашкан.