БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Акылдуу жол чырак" долбоору Бишкектеги автотыгын маселесин чечүүгө жардам берет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Буга чейин борбор калаада Urban Data Hackathon – 2016 марафону өтүп, анда "Акылдуу жол чырак" долбоору мыкты деп табылган. Ал " Инфоком" ишканасы тарабынан иштелип чыккан.
"Акылдуу жол чырактын" алкагында жол кесилиштерине камера орнотулат. Анын жардамы менен унааларга көз салынат. Жол чырактын түстөрү унаанын агымына байланыштуу күйүп, кыймылды жөнгө салып турат.