БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 1-июндан тарта автоунааларга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлер бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык номерлер "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын алдындагы атайын борбордо жасалат.
Жаңы мамлекеттик номерлерде Кыргызстандын аймактары тамга эмес, сан менен белгиленет.
Жеке номерлерде адаттагыдай тамга — төрт сан — тамга эмес, үч сан — үч тамга болот.
Номерде мурдагыдай эле мамлекеттик желек жана Кыргызстандын эл аралык коду — KG болот.
Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев иш-чара учурунда заманбап үлгүдөгү туулгандыгы тууралуу жана нике күбөлүктөрүнүн бланкаларын көрсөтөт.
Унаалардын жаңы мамлекеттик номерлери
Унаалардын жаңы мамлекеттик номерлери