Ой жеткен менен кол жетпей… Кыргызстандын колуна тийбей жаткан кылмышкерлер

Жазылуу
Курманбек Бакиев, Айдар Акаев жана Азиз Батукаев… Булар кыргыз мамлекети тарабынан күнөөлүү деп табылып, эл аралык издөөгө алынган. Кийинчерээк башка өлкөнүн колтугуна жашына калып, бүгүнкү күнгө чейин аларды экстрадициялоодон майнап чыкпай келет.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Белоруссия мамлекети сыртынан өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан Курманбек Бакиевди Кыргызстанга бербей турганын билдирди. 

Өлкөнүн прокуратурасы Курманбек Бакиев алардын жараны экенин негиз келтирип, өз жаранын берүүдөн баш тартууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстанда күнөөлүү деп табылып, жүргөн жери да ачыкка чыгып, бирок колго тийбей жүргөн мекендештерди тизмектеп көрдү. 

© Фото / пресс-служба ЦАРИИ КРСын экс-президента КР Курманбека Бакиева Максим
Сын экс-президента КР Курманбека Бакиева Максим - Sputnik Кыргызстан
Сын экс-президента КР Курманбека Бакиева Максим

Максим Бакиев 

Атасынын көлөкөсүнө жамынып, убагында катуу кутурган Максим Бакиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик насыяны туура эмес колдонгондугу үчүн издөөгө алынган. Кийинчерээк Максим Лондондо кармалып, аны Кыргызстанга кайрып берүү маселеси каралган. Көп өтпөй АКШнын Юстиция министрлиги тарабынан ага шылуундук беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Лондондон АКШга экстрадициялоо маселеси көтөрүлгөн. Анткен менен аз убакыттын ичинде АКШ тарабынан Максим Бакиевге карата козголгон кылмыш иши жабылган. 

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖаныш Бакиев
Председатель общественного фонда Безопасность и правопорядок Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич - Sputnik Кыргызстан
Жаныш Бакиев

Жаныш Бакиев

7-апрелдеги кандуу революциядан каза болгон жүздөгөн адамдардын забына калган, президент аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун жана кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө катыштыгы бар делинип сыртынан кесилген Жаныш Бакиев учурда Минск шаарында баш калкалап келет. Кыргызстандын башкы прокуратурасы бир канча ирет Жаныш Бакиевди кайрып берүү боюнча Белоруссия бийлигине кат жолдогон. Анткен менен ал кайрылуулар жоопсуз калууда. 

Марат Бакиев

Минсктин жанындагы Раубичи кыштагында хан сарайда жашары айтылган Марат Бакиев да бүгүнкү күнгө чейин укук коргоо органдарынын издөөсүндө. Башкы прокуратура бир канча ирет Марат Бакиевди экстрадициялоо маселесин козгогону менен расмий Минск Марат Бакиев Белоруссияда деген маалыматты төгүндөп келет. 

Азиз Батукаев

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажого айбат кылгандар. "Айыпка илинип кала жаздаган" кыргыз президенттери
Мыйзамдагы ууру, бир канча адамдын өлүмү үчүн күнөөлүү деп табылган Азиз Батукаев жазасын толук өтөбөй, 2013-жылы Нарындагы абактан бошоп, көз ирмемде Россияга учуп кеткен. Анын абактан бошотулушуна "мына-мына өлөт" деген диагноз негиз болгон. Анткен менен диагноз туура эмес коюлганы аныкталып, мыйзамдагы уурунун абактан бошотулушу мыйзамсыз экени ачыкталган. Ал учурда Батукаев Россиянын полиция кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал алып жүргөнү үчүн кармалып, абакка кесилген. Анын мыйзамсыз бошотулганы аныкталган соң Башкы прокуратура Грузияга бир канча ирет кылмышкерди кайтаруу каты менен кайрылган. Бүгүнкү күнгө чейин ал кадамдан майнап чыкпай келет. 

Сапарбек Балкибеков

Кыргызстандын мурунку энергетика министри, Курманбек Бакиевдин тууганы делген Сапарбек Балкибеков кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн издөөгө алынып, 2011-жылы Ирландиянын Дублин шаарында кармалган. Ал кездеги ИИМдин орун басары, учурдагы министр Мелис Турганбаев Балкибековду кайтарып келүү боюнча чаралар көрүлөрүн айтканы менен без жылдан бери сөзү аткарылбай келет. 

Айдар Акаев

Кол кармашып турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бир тууганчиктер" Кыргызстандын саясатында
2005-жылдын 24-мартындагы революциядан кийин туңгуч президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге карата мамлекетке 3 миллион доллар зыян келтирген деген айып коюлуп, эл аралык издөөгө алынган. Көп өтпөй Айдар Акаевдин Россияда экени белгилүү болгон. Анткен менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасы эки ирет экстрадициялоо аракетин көрүп, кийинчерээк деми сууп калган. 

Сергей Костюк

Максим Бакиевдин жакын санаалашы, "Азия Универсал Банкынын" менеджемент бөлүмүнүн мурунку мүдүрү Сергей Костюк мамлекетке 20 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген айып менен издөөгө алынган. Кийинчерээк ал Москва шаарында кармалган. Кыргызстан тараптан аны экстрадициялоо маселеси көтөрүлүп жатканда аны бошотуп жиберишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0