Атамбаев үч күндүк эс алууга чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек өргүүсүнө чыгаар алдында президент Стамбулда өткөн гуманитардык саммитке катышып кайткан.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев үч күнгө эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин президент БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мундун чакыруусу менен Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Алгачкы эл аралык гуманитардык саммитке катышып келген.

Эскерте кетсек, өлкө башчы акыркы жолу эс алууга февралдын башында чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0