БИШКЕК, 23-май — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

КР президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты

Саммиттин алкагында өлкө башчысы Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту
КР президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында өтүп жаткан биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышты
Саммиттин алкагында өлкө башчысы Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту
Күндүн биринчи жарымында Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышып жаткан делегация башчылары менен бирге БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун төрагалыгы алдында өткөн өлкө башчыларынын жана премьер-министрлердин жабык отурумуна катышты.
Саммиттин алкагында өлкө башчысы Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолукту. Лидерлер кыргыз-немис эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин ишине дүйнөдөгү 50 өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары катышууда.
Саммит эл аралык коомчулуктун кризистерге жооп кайтаруу боюнча мамилени өзгөртүүнү көздөйт.
