БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жогору Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев парламент отурумунда көпчүлүк коалициядан бир дагы депутат жок экенине нааразы болду. Бул пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул уят көрүнүш.
"Урматтуу Ашырбек Мойдунович, сиздин отчетуңузду укчу депутаттар аз. Жалаң гана Бир-Бол отурабыз. Биздин фракцияга эле барып айтып бербейсизби. "Республикадан" эки гана депутат отурат. Ал эми башкаруучу коалициядан бир дагы депутат жок. Уят эмеспи. Маалыматтын баары кимге айтылып жатат", — деди Абдылдаев.
Ал эл ишенип шайлаган соң, ишеничти акташ керек деген пикирин кошумчалады.