Абдылдаев Мыктыбек Юсупович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев. Архив
Бир бол фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Билими жогору. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин, 1989-жылы СССР ИИМдин Башкаруу академиясын (Москва) бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Юридика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

  • 1970 — Ленин атындагы заводдун токары, Фрунзе
  • 1976-1978 — советтик соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы, Фрунзе 
  • 1978-1982 — Кыргызстан ЛКСМдин инструктору, уюштуруу бөлүм башчысынын орун басары 
  • 1982-1983 — Ысык-Көл облустук комсомол комитетинин катчысы
  • 1983-1986 — Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин саясий бөлүмүнүн башчысы 
  • 1986-1989 — СССР ИИМ Башкаруу академиясынын угуучусу
  • 1989 — Ысык-Көл облустук ИИБ башчысынын орун басары 
  • 1990 — Кыргыз Республикасынын Жогоку Советинин депутаты
  • 1990 — Жогоку Советтин туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары 
  • 1991-1994 — Ысык-Көл облустук ИИБдин жетекчиси
  • 1994-1997 — КРдин ички иштер министринин орун басары 
  • 1997-2001 — ички иштер министринин биринчи орун басары
  • 2001— КРдин Коопсуздук кеңеш катчысынын орун басары жана КР президентинин алдындагы эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору
  • 2002— КР президенттик администрациясынын коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча бөлүм башчысы 
  • 2002- 2005 — Кыргыз Республикасынын башкы прокурору 
  • 2005 — ички иштер министринин милдетин аткаруучу 
  • 2006-2007 — КР президенттик администрациясынын жетекчиси
  • октябрь, 2010 — "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланып, ошол эле жылы декабрда парламенттин төрагасынын орун басарлыгына шайланган.
  • 2012 — Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комитетинин төрагасы 
  • 2012-2014 — "Ата-Журт" фракциясынын лидери
  • октябрь, 2015 — "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 

Сыйлыктары:

I даражадагы "Аскер каармандык эмгеги үчүн" медалы, КМШ парламенттер аралы ассамблеясынын "Содружество" ("Кызматташтык") ордени.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0