БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте 84 килограмм күмүш менен түрк жараны кармалганын Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, баалуу металлдын болжолдуу баасы 2 миллион 520 миң сомду түзөт.
Кармалган жаран камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (Баалуу металлдарды мыйзамсыз сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.