Эртең Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаайт

Жазылуу
Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Эртең Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаап, айрым райондордо жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы күндүз +24 градуска чейин жылып, жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош шаарында түнкүсүн жаан жаайт, ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 26 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0