БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыгынан үч киши каза болуп, тогузу түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Шаршемби күнү болжол менен саат 14:20да Балыкчы — Каракол кан жолунун Чок-Тал айылына жакын жерде Audi 100 менен Honda Stepwgn машиналары бетме-бет кагышкан.
"27 жана 42 жаштагы эки эркек киши менен 77 жаштагы кемпир каза болду. Төрт киши оор абалда Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилди. Дагы беш киши түрдүү жаракаттарды алды", — деп айтылат маалыматта.
Милиция жол кырсыгынын чоо-жайын аныктоодо.