БИШКЕК, 11-май — Sputnik. "Айыы Aha — Божественный напиток" фестивалынын уюштуруучулары Бишкектеги кымыз жасоочуларды Якутияда өтө турган экинчи эл аралык кымыз фестивалына чакырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Фестиваль 2016-жылы 25-июнда Якутиянын "Ысыах Туймаады — 2016" улуттук майрамынын алкагында өтөт.
Бул иш-чара дүйнө элинин кымыз ичүү маданиятын жайылтуу максатында уюштурулуп, кымыз өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырат.