БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бардык өткөрмө бекеттердеги таразаларды электрондоштуруу тапшырмасын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана коммуникация министрлигине тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, премьер-министр жолдор жетиштүү деңгээлде оңдолуп жатканы менен жүктөрдү таразалоо ишинде кемчиликтер болгондуктан, жолдор тез эле талкаланып жатканын белгилеген.
"Премьер-министр өлкөдөгү бардык тараза бекеттерин бирдиктүү электрондук системага туташтыруу ишин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Бул иш аткарылса жүктү көзөмөлдөө ишинде ачыктык камсыз болуп, адам фактору жокко чыгарылат. Каалаган адам процесстин жүрүшүн интернет аркылуу көрө алары маалыматта баса белгиленет.