БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Заманбап каттоо системасы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун камсыздайт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кабыл алып жатып билдирди.
Сарпашев президентке 2016-жылы өтө турган өз алдынча башкаруу органдарындагы жана 2017-жылы боло турган президенттик шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда мамлекеттик каттоо системасын жакшыртуу боюнча чет элдик өнөктөштөр менен ырааттуу иш жүрүп жатат.
Мамлекет башчысы аталган мекеменин коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү боюнча жасап жаткан ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.