БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаап, айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу автожолдордо кар күрткүсү түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүз күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Күндүз 17…19 градус жылуу болот.
Ош шаарында да жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз 22…24 градус жылуу болот.