БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Бишкек шаардык соту студенттер үчүн "Ачык эшиктер күнүн" өткөргөнү жатат. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Конституция күнүнө карата 6-майда саат 14.00дө өтөт.
Кыргызстандын Конституциясы эгемендик алгандан бери сегиз жолу өзгөргөн. 2010-жылы апрель окуяларынан кийин өткөн референдум аркылуу 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө мораторий киргизүү чечими кабыл алынган. Мораторийди жокко чыгаруу үчүн элдик референдум өткөрүүгө туура келет.