БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Асловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджидин Аслов кечээ Кыргызстанга расмий сапары менен келген. Иш сапардын алкагында министр президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушмак.