БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Катар өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр. Бул тууралуу аталган фонддун аткаруучу директору Мисфери Хамад Аль-Шахвани Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев менен жолугушууда билдирди.
Анда элчи кыргыз-катар мамилелери тууралуу айтып берип, эки элдин кызматташуусун өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды айтты.
Мындан тышкары, эки тарап социалдык-экономикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Мисфери Хамад Аль-Шахвани өз кезегинде фонддун иши тууралуу айтып берип, Катар өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен кызматташууга дилгир экенин белгиледи.