БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджидин Аслов кечээ Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, расмий иш сапардын алкагында министр президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуусу каралган.
Анда эки тараптуу кызматташуу, дүйнөлүк окуялар жана аймактык коопсуздук маселелери каралмакчы.