ОшМУда боз үй тибиндеги жатакана курула баштады

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКуруучу. Архив
Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты кабаттуу жатаканада студенттер, магистранттар жана чет өлкөдөн келген окутуучулар үчүн бардык шарттары менен камсыздалган конок үйлөрү болот.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетине караштуу Конфуций институтунун окуу имараты менен жатаканасынын пайдубалдары салына баштады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

 Жатакана боз үй тибинде салынып, анда тамак ичүүчү жайлар каралган.

"Аталган окуу корпусу жана жатаканасы жер төлөсү менен биргеликте алты кабаттан турат. Жер төлөсүндө чыгыш өнөрлөрүн үйрөтүүчү спорттук залдар, 1-кабатында конференц-залдар, жогорку кабаттарында тилди жаңы технологиялар менен үйрөтүүчү лингафондук залдар, заманбап техникалар менен камсыздалган аудиториялар ачылат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми алты кабаттуу жатаканада студенттер, магистранттар жана чет өлкөдөн келген окутуучулар үчүн бардык шарттары менен камсыздалган конок үйлөрү болот.

Билдирүүдө айтылгандай, каржылоого Кытайдын Ханьбань Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы тарабынан 800 миң доллар грант бөлүнгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0