Жума күнү Кыргызстанда жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатыр кармаган аял кыз. Архив
Кол чатыр кармаган аял кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-апрелден 5-майга чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстанда эртең күн күркүрөп, жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 1-май майрамында күн бүркөө болот
Мааалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

Бишкек шаарында абанын түнкү температурасы +10…+12 градуска жетсе, күндүз аба ырайы +22…+24 градуска чейин көтөрүлөт.

30-апрелден 5-майга чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы өзгөрүп турушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0