Өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармала турган түрмөнүн биринчи корпусу салынды

Жазылуу
Чүй облусунун Сокулук районундагы №19 түзөтүү абагынын аймагына курулган өзгөчө режимдеги комплексте өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалат.

№19 өзгөчө режимдеги мекеменин башчысынын милдетин аткаруучу Нурдин Турусбеков бул жайда кармалгандар мыйзам боюнча күнүнө 1,5 саатка чейин сейилдөөгө укугу бар экенин айтат.

"Сейилдөө камерасына чыгып, ары-бери басып, сүйлөшө алышат. Алардын сейилдөөсү кызматкерлер тарабынан көзөмөлгө алынат", — дейт ал.

Учурда жаңы салынган түрмөдө 50гө жакын киши кармалып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0