БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. "Макмалалтын" комбинаты толук түрдө кайрадан иштей баштаганын "Кыргызалтын" ААКнын маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында оңдоо иштерин жүргүзүү максатында "Макмалалтындын" бир нече бөлүмдөрү жабылган.
"Оңдоо иштери 1,5 айдын ичинде бүткөрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө комбинатта 35 миң тонна кен топтолгон.
"Макмалалтын" комбинаты "Кыргызалтын" ААКнын кен өндүргөн негизги булагы болуп эсептелет. Комбинат Макмал алтын кенинин базасында түзүлгөн. 1969-1977-жылдары чалгындоо иштери жасалгандан кийин ал 1986-жылы эксплуатацияга берилген.