БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Өзбекстан Россияны жашылча-жемиш менен Түркиядай эле камсыздай ала турганын Ислам Каримов Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди.
Өзбек президенти Россияга расмий сапар менен келген.
"Түз эле айтыш керек: Түркия жашылча-жемиштерди алып келүүнү токтотуусу боюнча бир топ жүйөлүү себептер бар. Өзбекстан деле көптөгөн мөмө-жемиштерди өстүрөт. 2016-жылы анын көлөмүн Өзбекстан 4,5 миллион тоннага жеткирүүгө аракет кылууда. Андыктан Россияга бир катар жашылча-жемиш менен камсыздоого кудуретибиз жетет", — дейт Каримов.
Владимир Путин өз кезегинде Өзбекстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү экенин айтып, сырткы соода өнөктөштөр арасында экинчи орунда турарын кошумчалады.
"Биздин үлүшүбүз Өзбекстандын сырткы соодасында 17 пайыздан ашат", — деди Путин.
Эки президент ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармакта кызматташуу маселелерин талкуулады.