БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыль атомдук электростанциясынын төртүнчү энергиялык блогунда жарылуу болгон. Бул курман болгондор менен жабыр тарткандардын саны жана экономикалык зыяндын көлөмү жагынан атомдук энергетика тарыхында эң ири кырсык болуп эсептелет.
Катастрофанын кесепеттерин жоюуга миллионго жакын адам катышкан. Кыргыз ССРинен 1986-1989-жылдары 3 200гө жакын адам коркунучтуу тилкелерде иштеген. Азыр республикада 1 300 чернобылчы жашап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине "КРдин Чернобыль биримдиги" коомдук бирикмесинин президенти Кадырбек Сасыкулов билдирди. Анын айтымында, 90 пайызга жакыны майып. Нурлануунун себебинен ликвидациячылардын 12 пайызынын балдары да майып, калгандарынын иммунитети начар.
Быйыл кыргыз өкмөтү бир жолку материалдык көмөк көрсөтүүгө 46 миллион сом бөлдү: майыптар 30 миң сомдон, катышуучулар 20 миң сомдон алышат. Алардын пенсиясы 4 000 — 6 000 сом.
Буйрук, "Тройной" одеколону жана ЧАЭСтин тегерегиндеги уламыштар. Жоокердин тарыхы
1986-жылы кыргызстандык Аскар Мамбеталиев Украинанын Житомир облусунда аскердик-аба күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан. Анда ал 19 жашта эле. Казармадагы турмуштан жана спорт ротасында чуркоодон чарчаган Аскар жана анын жолдоштору Чернобылга учушарын билгенде алгач кубанып кетишет.
"Биз учуп чыгып жатканда жолубуз бар экен деп ойлогонбуз. Ротабыздан Афганистанга жөнөтүлгөндөр да болгон, алтообуз болсо Чернобылга жөнөп кеттик", — деп эскерет Мамбеталиев.
Кырсык жөнүндө маалыматты жоокерлерден жашырып, радиациянын коркунучтуулугу жөнүндө эч айтышкан эмес. Жерине келгенде гана алар кара түстөгү атайын кийимчен адамдарды көрүшөт.
"Бизден эч ким сураган эмес, аскер командачысынын буйругу бар болчу. Биз өз милдетибизди аткарганбыз!" — деп баса белгилейт "чернобылчы".
Бирок аны азыркыга чейин "эмне үчүн канчалык нурланууга дуушар болгонун жоокерлерге көрсөтүшкөн эмес, эмне үчүн бул жөнүндө аскер билетинде эч жазуу жок?" деген суроо кыйнап келет.
Радиациянын тегерегиндеги имиш-уламыштар жөнүндө кеп кылып жатып, ал радиациянын таасири жок жана ал жакта жашаса болот дегенге ишенбей турганын айтты. Мамбеталиев радиация болгон жерлердин үстүнөн тик учак менен учкан. Анын айтымында, булганган чаң шамалдын багытына жараша Чернобылдын чет-жакасына тараган. Радиактивдүү чаңды аба аркылуу жайылып кеткенге чейин жерге "чөгөрүү" үчүн, ошол кездеги эң чоң тик учак Ми-26дан ал жолдоштору менен атайын суюктукту жамгырдай чачкан.
Совет кезиндеги атырды башкалардан жашырып ичкенин эскерип жылмаят.
"Ошол кезде спирт радиацияны жууп кетет деген сөз пайда болгон. Кампалардан "Тройной" жана "Шипр" деген одеколондор сатылар эле, мен ошолорду сатып алып ичкем", — дейт Мамбеталиев.
АЭСтин тегерегиндеги үч баштуу иттер, укмуштай чоң коёндор — жөн эле апыртма дейт биздин каарман, аталган аймактан ал мутант жаныбарларды жолуктурган эмес.
30 жылдан кийин Мамбеталиевди бир гана нерсе — бала-чакасынын келечеги, алардын ден соолугу тынчсыздантат. Кызы полиартрит менен ооруйт, чачы эртелеп эле агарган…
"Чернобылбын кесепетин мен кийин, полиартритке чалдыкканда сезип-түшүндүм. Спорт ротасында кызмат өтөгөм, мектепти, университетти, чет өлкөдө магистратураны, докторантураны мыкты аяктагам, бирок ден соолугумдун начарлыгынан көпкө иштей албайм", — деп өкүнөт "чернобылчы".
Көпчүлүк ликвидаторлор Чернобыль АЭСинде бир нече күн иштегени үчүн өмүрүн беришти, дээрлик жарымы бул дүйнөдөн өтүп кеткен.
"Биздин катарда ликвидаторлор эмес, эми алардын жесирлери көп", — дейт Мамбеталиев.
Гендик, кандык деңгээлде "өлтүрүлгөндөр"
Кыргызстандык Александр Ерманов айтып берген дагы бир окуя бир караганда кадыресе көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул улуу өлкө менен бирге жеңишти да, жеңилүүнү да башынан өткөргөн бир адамдын тарыхы. Миллиондогон совет адамдары сыяктуу эле ал БАМды курууга, Олимпиада-80 оюндарын даярдоого катышып, үч ай Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуда иштеген. Бүгүн ал окуяны Александр өкүнүү менен эскерсе да, өз милдетин татыктуу аткаргам дейт.
Ошол кезде ал 32 жашта болчу. Аскер комиссариатынан чакыртуу келип, тез арада камынып, Фрунзенин вокзалынан поездге түшүп, Украинага жөнөп кетти — алгач Хойники, анан Чернобылга туш болду.
"Мен төртүнчү энергоблоктун жанындагы үчүнчүнү дезактивациялагам. Биз анын жабуусундагы радиоактивдүү графиттерди тазалап, көмө турган аңга ыргытчубуз. Полковник видео аркылуу тазалай турган жерди көрсөткөндө, биз төрт килограммдык атайын кийимди кийчүбүз. Айрымдар коргонуу каражаттарын көп этибар алчу эмес, мен болсо коргошун өтүк, плащ, колкап, бетиме — маска кийчүмүн", — деп айтып берди ал. Бирок баары бир ликвидатор катуу нурланган.
Кийинчерээк ал иштеп, үй-бүлөсүн багуу үчүн экинчи топтогу майыптыктан баш тартууга аргасыз болгон. Бүгүн ал үчүнчү топтогу майып.
"Өтө радиацияланган жерлерде нурлануу ченеминен ашырбоо үчүн биз күнүнө 5-7 мүнөт гана иштечүбүз. Андай жерде көпкө болгон адам дароо өлүп калмак", — дейт Ерманов.
Анын айтымында, мунун баары ден соолукка таасир кыларын эл ошондо эле түшүнгөн.
"Биз баары бир өзүбүздү ыңгайсыз сезгениз. Себеби көбүнчө жумушчу үй-бүлөлөрдүн балдарын чакырышкан да. Биздин арабызда жогорку кызматтагылардын балдары жок болчу", — дейт "чернобылчы" оор үшкүрүп.
Бардык эле ликвидаторлор сыяктуу Ерманов радиациялык нурланууга баары, жада калса, болочок балдары да туш болгонуна өкүнөт.
"Биз өзүбүз да, кийинки тукумубузда да өлтүрүлдү. Мунун баары гендин деңгээлинде, түшүнөсүзбү? Мен ангина менен ооручумун, радиациянын таасиринен ал жоголуп, бирок башка көп оорулар пайда болду. Неберем оң колунун манжалары жок төрөлдү", — дейт ал аянычтуу.
Ерманов өмүр бою сантехник-ширетүүчү болуп иштеп жүрүп, 63 жашында пенсияга чыккан. Азыр ал Бишкекте жашайт, Кыргызстандагы "Чернобыль биримдиги" коомдук бирикмесинин социалдык көйгөйлөрүн чечүү менен активдүү алектенет.
Тыюу салынган арак, сүрөткө тартуу жана курмандыктар
Карагай-кайың токойлору, Припять суусу… Эң жакын жайгашкан радиоактивдүү шаардын кооздугу Нуркул Сатыбаевдин эсинде түбөлүк калды. Табият атомду жеңгендей сезилген эле.
Ал Чернобылга каргашалуу окуядан кийин бир жыл өткөндө, 1987-жылдын жазы гүлдөп турган мезгилде барган. Ошондо ал 30 жашта болчу. Сатыбаев Талас МПМКнын бетончулар бригадасында иштечү. Ал аскер комиссариатына чакырылып, андан ары Украинага жөнөтүлгөн. Припять, училищенин жатаканасы… "Саркофагдын" курулушу жүрүп жаткан. Бетон дубалды металл менен капташ керек эле.
"Ар бирибизде нурлануу деңгээлин көрсөтүүчү карандаш-дозиметр бар болчу. Алгачкы мезгилде саркофаг жабылганга чейин объектиде бир нече мүнөттөн эле болчубуз. Ал эми бетондун үстүн металл листтер менен жаба баштаганда 30 мүнөттөн иштедик. Вахталык ыкма менен ал жакта 70 күн болгом", — дейт Сатыбаев.
Анын айтымында, 1987-жылы ал жакта спирт ичимдиктерине тыюу салынган. "Бизге жакшы, күчтүү тамак беришчү. Кызыл, кара икраны ошондо биринчи жолу жеп көргөм. Минералдык суу гана ичер элек. Азык-түлүктү башка аймактардан алып келишчү", — деп эскерет ал.
Ошондой эле сүрөткө тартууга да тыюу салынган, бирок көпчүлүгү коркунучтуу аймактагы жашоонун үзүмүн тартып калууга үлгүрүшкөн.
"ЧАЭСте өрттү өчүргөндөр кырсыктан кийинки алгачкы үч айда эле нурлануу оорусунан каза болгонун биз азыр билебиз. Ал кезде муну айткандан коркушчу", — дейт каарман.
ЧАЭСтеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга Таластан 56 адам катышкан, азыр шаарда 14 "чернобылчы" жашайт.
БУУнун маалыматы боюнча, 1 000ге жакын адам — реактордун аянтчасындагы персонал кырсыктын алгачкы күнүндө эле өтө күчтүү нурлануу кабылган, авариялык-кайра калыбына келтирүү иштерине катышып, нурланууга дуушар болгон 200 миңден ашык адамдын ичинен 1986-1987-жылдары радиациянын себебинен каза болгондордун саны абдан чоң.
1990-жылдардан кийин жүргүзүлгөн бир катар эсептөөлөр ЧАЭСтеги кырсыктан отуз жыл ичинде келтирилген экономикалык зыян жүздөгөн миллиард долларды түзгөндүгүн көрсөтөт.