БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкекте жайгашкан №1 тергөө абагында өткөрүү пункту менен жолугушуу бөлмөсү замандын талабына ылайык жасалганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, күнүнө 100дөн ашуун адам өткөн көзөмөл пункту менен жолугушуу бөлмөлөрүнө заманбап рентген системасы орнотулду. Ал абактагы жарандарга берилүүчү тамак-ашты, ошондой эле келген адамдардын жеке буюмдарын текшерүүгө алат.
Аталган жайлардын модернизацияланышы БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын колдоосу менен жүрдү.