БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Мектеп окуучулары арасында Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында дил баян сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
"Көчмөн элдердин маданий мурасы" деген темадагы сынак 25-апрелден 15-июнга чейин өтөт.
Сынакка республикадагы бардык мектептердин 6-10-класстарынын окуучулары катыша алат.
Иш-чаранын максаты окуучуларды көчмөн элдердин материалдык жана рухий маданияты менен тааныштыруу жана көңүлүн туулган жердин тарыхына, үрп-адаттарына, маданий эстеликтерди окуп-үйрөнүүгө жана сактоого буруу, адептүүлүккө тарбиялоо болуп саналат.