Министрлик: эгер убагында акча бөлүнүп турса Балыкчы — Корумду жолу бүткөрүлөт

Жазылуу
Ысык-Көлдүн түндүк тарабынан өткөн аталган жол Кыргызстан үчүн маанилүү. Себеби, алыскы жана жакынкы мамлекеттерден келген эс алуу үчүн туристтер дал ушул жол аркылуу кабыл алынат.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министрлиги Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду жолунун оңдолушуна чоң маани берет жана убагында акча бөлүнүп турса аталган жолду бүткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Көзөмөлдөөчү видеокаттоо жабдуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол эрежесин көзөмөлдөөчү видеокаттоо жабдуусу орнотула элек
Ысык-Көлдүн түндүк тарабынан өткөн аталган жол Кыргызстан үчүн маанилүү. Себеби, алыскы жана жакынкы мамлекеттерден келген эс алуу үчүн туристтер дал ушул жол аркылуу кабыл алынат.

Белгилей кетсек, буга чейин Темир Сариев аталган жолду оңдоо боюнча өткөн тендердин айынан премьер-министрликтен кеткен. Экс-өкмөт башчы тендердин жүрүшүнө таасир берген деп айыпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader