БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Учурда ар кыл таасирлерден улам кыргыз тилиндеги айрым сөздөрдүн түп мааниси жоголуп кетсе, кээсинде орфографиялык эрежелер одоно бузулганы көп байкалат.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз тили боюнча "Тибиртке" аттуу жаңы рубрикасын баштады. Ар бейшемби сайын биз менен биргеликте кыргыз тилинде туура сүйлөп, туура жазууну үйрөнүүгө чакырабыз.
Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев патриоттуулук өз ысымды туура жазуудан башталарын айтып, кепти алгач өзгөртүлүп жазылып калган кыргыз ысым, фамилиялар тууралуу баштоону сунуштады.
"Кыргыз тилиндеги адам аттарынын аягына "ь" (ичкертүү) белгиси эч качан коюлбайт. Асель, Назгүль, Эмиль эмес, Асел, Назгүл, Эмил деп жазган туура болот", — дейт Султаналиев.
Ал эми ысымды Ай Пери, Ай Тилек, Ай Чүрөк деп өз-өзүнчө жазууга кыргыз тилинин орфографиясы жол бербей турганын белгилейт.
Шер-Нияз, Кул-Тегин деп ысымдын ортосуна сызыкча коюу жолу менен жазуу дагы орфографиялык ката болуп эсептелет. Эгер адамдын ысымын Ай-Пери, Мырза-Тегин, Ай-Чүрөк деп сызыкча менен бөлүп жаза турган болсок, ал адамдын эмес жер-суунун аталышы болуп каларын филолог эскертет. Анын айтымында, татаал географиялык аттардын арасына гана дефис коюуга жол берилет.
"Мисалга, Шер-Нияз дегенди тилдик көз караш менен карайлы. "Шер" деген аныктооч, "Нияз" деген аныкталгыч. Кандай Нияз? Шернияз. Аныктооч менен аныкталгычтын ортосуна сызыкча коюлбайт. Ал эми атасынын же чоң атасынын атынан кийин "тегин" деген сөз колдонулса, ал сөз дагы бирге жазылат. Мисалы, Чоротегин же Култегин деп жазган туура", — дейт Султаналиев.
Филологдун айтымында, айрым кыргыз фамилиялары өзүнүн баштапкы маанисин такыр жоготуп, кыргыз тилинде дагы, башка тилде дагы эч кандай мааниге ээ болбой калган учурлар көп.
Филолог Султаналиев коомчулукта учураткан бир катар фамилияларды мисал катары атап, алардын туура жазылышын кошо айтып берди.
Дюйшебаева — мындай жазылыш кыргыз тилинин эч бир мыйзамына туура келбейт. Бул өтө орой ката. Себеби, Дүйшөбай деген сөз орус тилинин эрежеси менен жазылып калган. Жазылганы жазылды, бирок, эки тилде тең мааниси жок сөз болуп калды.
Наматов — ысым эки созулма "аа" менен Нааматов деп жазылышы керек эле. Бул "оомат" деген сөздөн келип чыгышы мүмкүн.
Айсабекова — бул да туура эмес жазылган. Айсабекова эмес Найзабекова болуш керек. Мында жергиликтүү диалектиге байланыштуу Айсабекова болуп калса керек.
Матаев — бизде мат деген сөз колдонулбайт деле. Башка тилден келген окшойт. Этимологиясын карап көрүш керек.
Каназаров — туурасы, Кайназаров болот. Бирок, мунун чыныгы маанисин ата-энеси гана билиши мүмкүн. Мисалы, кыргыз жаран баласынын атын Матвей деген орус досунун атына уйкаштырып Матей деп атап коюшу мүмкүн.
Османов — "осман" түрк тилинен кирген сөз. Бирок, кыргыз тилинде Осмон деп айтылат. Эгер Осман деп жаза турган болсок, тилдин сингармониясы бузулуп калат. Себеби, "о" — эринчил, "а" — эринсиз үндүү, эреже боюнча эринсиз менен эринчил үндүүлөр чогуу айтылбайт.
Айрым ысымдар менен фамилиялардын мааниси түшүнүксүз болсо, ал туура эмес жазылгандыгынан кабар бербейт. Себеби, кыргыздын унутта калган байыркы сөзү болуп калышы ыктымал экенин филолог баса белгилейт.