00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айрым тамгалардан баш тартуу сунушталууда: алфавит маселеси айланы кетиреби?

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектрондук клавиатурадагы кыргызча тамгалар. Архив
Электрондук клавиатурадагы кыргызча тамгалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил комиссиясы учурдагы алфавиттеги кыргыз тилинин табиятына жат келген сегиз тамгадан баш тартып, кошумча үч тамганы киргизүүнү демилгелеп жатат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргыз алфавитинен сегиз тамганы (е, ё, ю, я, ц, щ, ь, ъ) алып салууну жана кошумча Ғғ (жумшак "г" тамгасы), Ққ (жумшак "к") жана Әә (æ) (жумшак "а") тамгаларын кошууну Мамлекеттик тил комиссиясы сунуштап жатат. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Эрматов мындай сунуш жөн жерден эле кабыл алынбаганын мындайча түшүндүрүп берди.

"Улуттук тил комиссиясына көптөн бери жарандардан кыргыз арибин оңдоо боюнча бир топ сунуштар келип түшүп жаткан. Экинчиден, мындай сунуш президенттин алдындагы тарых жана маданият жылы боюнча түзүлгөн атайын кеңеште айтылган. Ошол кеңештин жыйынында КР президенти "ушундай пикирлер бар болсо, аны Улуттук тил комиссиясы карап көрсүн жана өз сунушун берсин" деп бизге тапшырган болчу. Бул боюнча жумушчу топ түзүлүп, кыргыз алфавити боюнча сунуш иштеп чыкты", — деди ал.

Тил комиссиясынын төрагасы жумушчу топ кыргыз тилинин табиятына туура келбеген, орусчадан күчтөп киргизилген сегиз тамганы алып салуу боюнча сунуш бергенин кошумчалады. Жумушчу топтун сунушу президенттин аппаратына жиберилип, аппарат өз кезегинде КР Улуттук илимдер академиясына сунушту карап чыгуу боюнча кайрылганын Эгембердиев маалымдады.

"Кечээ Улуттук илимдер академиясында кереге кеңеш болуп, түрдүү пикирлер айтылды. Арасында "жаңылык киргизүүнүн кажети жок" дегендер да бар. Ошол эле учурда "мезгил ушуну талап кылып жатат" дегендер да болду. Азыр бул маселе эл арасында бүйүр кызыткан талкууларга жем таштап жаткан маалы", — дейт ал.

Кыргыз тил китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жадатма 9 сөз: эме, бар го, ошо-ооо…
Эрматов кыргыз тилинде "щ", "ц" тамгалары менен башталган сөздөр жок экенин айтат. Ошондой эле орус алфавити менен айрым эрежелер — орус тилинде сөздөр кандай жазылса кыргызча да ошондой жазылыш керек деген эреже таңууланган дейт ал.

Эгер бул сунуш президент тарабынан колдоого ээ болуп калса, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мөөнөт берилип, жаңы эрежелер иштелип чыгарын Эрматов кошумчалады.

Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Курманбек Токтоналиев тил комиссиясы тарабынан көтөрүлгөн бул сунуш коомчулуктун да талкуусуна коюуларын айтат.

"Азыр так кесе мындай, же тигиндей болот деп айтууга болбойт. Андыктан коомчулук менен кеңешүү керек", — деди ал.

Латын алфавитине өтүү мезгили келет

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эрматов бир канча убакыттан кийин Кыргызстандын да латын алфавитине өтүү мезгили келе турганын айтат. Буга чейин Кыргызстан араб, андан кийин латын жана кириллица алфавитине өткөнүн белгиледи. Кыргызстанга коңшу жайгашкан Өзбекстан эгемендүүлүгүн алгандан бери латын тамгаларын колдонуу аракетине батыл киришкенин, Казакстан 2025-жылдан тарта латын алфавитине өтүү боюнча аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

"Кыргызстан дагы эртеби-кечпи латын алфавитине өтүүгө келет. Бирок ал экономикага байланыштуу болгондуктан көп каражатты талап кылат. Анткени адабияттарды, китептерди ушул арипке өткөрүп чыгуу керек. Ошол эле учурда бул демилгенин экинчи жагы бар — жаңы өсүп келе жаткан муун эски адабиятты, китептерди окуй албай, билим жагынан аксап калышы мүмкүн", — дейт ал.

Эрматов өз сөзүндө латын арибине өтүүдө Өзбекстандын тажрыйбасын да эске алуу керектигин айтат. Себеби Өзбекстан латын арибине өтүп баштаганда кириллица менен басылып чыккан китептерди өрттөп, жок кылышкан. Мындай аракети менен улуу муунду руханий, адабий дөөлөттөрдөн кур жалак калтырган болчу дейт ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0