Сегизөө, тогузоо, Кыргыз Республикасынын президенти, кеңейет деген сөздөрдөн ката таба алдыңызбы? Бардыгы туура жазылган деп эсептегендерге филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев "эки" деген баа коюуга даяр экенин айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине кыргыз тилинин жазуу эрежелери тууралуу маек куруп берди.
— Ишенбек агай, кыргыз тилинде туура эмес айтылып жана жазылып жаткан сөздөрдү көп эле байкасаңыз керек?
— Айрым жарандардын документтерине Айгуль, Бактыгуль, Жазгуль деп жазылып калган ысымдар кездешет. Мындай учурда журналисттер жазуу эрежесине таянып туура жазуулары керекпи же документтеги ысымды көрсөтүү маанилүүбү?
— Туура меселени айтып жатасыз. Калкты жана жарандарды каттоо мамлекеттик департаментинде иштеген кызматкерлердин бардыгы улутуна карабастан кыргыздын тамгаларын жатка билүүлөрү керек. Бул саясаттан мурда жарандарды сыйлоо болуп эсептелет. Мисалы, Бактыгүл деген атты Бактыгул деп жазып койсо ал эркектин аты болуп калат. Өмүралиев деген фамилияны Умералиев деп койсо жакшынакай өмүр деген сөз "умер" деген маанини берип калат. Мындай, калпыстыкты болтурбоо үчүн ысымды туура жазган журналисттерди эмес, документке туура эмес жазган кызматкерлерди жоопко тартуу керек деп эсептейм.
— Орус тилине ылайыкташып жазылып калган ысымдардан сырткары Сагымбай, Чыңгыз деген аттарды Сагынбай, Чынгыз деп да жазып калабыз. Эреже боюнча кайсынысы туура болот?
— Ысымдын туура жазылышын билүү оңой эле. Ал үчүн уңгу, мүчөгө ажыратып коюу жетиштүү. Мисалы, Сагымбай деген ысымдын уңгусу "Сагым" болуп калат. Кыргызда сагым деген сөз жок, сагын деген сөз бар. Балалуу боло албай жүрүп балалуу болгондор "сагынганда көргөн балам" деп Сагынбай, Сагынбек деп ат коюшкан. Демек, Сагымбай эмес Сагынбай, Чыңгыз эмес Чынгыз, Атамбай эмес Атанбай деп жазуу туура болот.
— Анда өлкө башчынын фамилиясын Атанбаев деп жазыш керекпи? Дегеним, эки учурда тең уңгу сөз "Атан", "Атам" деп маани берип тургандай.
— Эгер кыргыз тилинин эрежесине таянып карай турган болсок, анда жазылгандагы туура варианты Атанбаев болот. Себеби, фамилиянын уңгу сөзү "ата" же "атам" деген сөздөн эмес "Атан" деген мааниден келип чыккан. Атан – бул чоң, күчтүү дегенди билдирет. Кыязы, анын документине биз жогоруда белгилеп кеткендей "м" тамгасы менен жазылып калса керек.
— Келиңиз, анда бир гезитти алып андагы жазуу эрежелерин карап көрөлү, мүмкүн кесиптештерим дагы башка сөздөрдү туура эмес жазып жүргөндүр…
— "Процент" деген сөздү пайыз деп айтып келебиз. Айрым тилчилер пайыз деген сөздүн мааниси такыр башка экенин айтып калышат. Кайсынысын колдонсок туура жазган болобуз?
— Кыргыздарда "процент" деген түшүнүк алгач болгон эмес. Ошондуктан, "процент" деген сөздү орус тилинен киргизип алганбыз. Бирок, учурда процент десе да, пайыз десе да эл бир маанини түшүнөт. Андыктан, экөөнү тең колдонсо боло берет.
— Кыргыз тили бай тил дегенибиз менен айрым учурда кээ бир сөздөрдү орус тилинен которо албай кыйналган учурлар болот. Мындан улам кыргыз сөздөрү тездик менен керектен чыгып жатабы деген ой келет.
— Кыргыз тилин кантип сактоо керек деген маселенин тегерегинде далай талкуулар өткөрүлүп, жооптор берилди. Ошентсе да, сиздин пикириңизди уксак.
— Тилди сактоо үчүн миллиондогон каражатты жумшаган күндө дагы, элдин тилге болгон мамилеси өзгөрмөйүн абалды өзгөртүү кыйын. Мектептерде кыргыз тили үйрөтүлгөнү менен үйдөгү ата-эне "мама", "папа" деп айттырып жатса, кандай өзгөрүү болмок эле. Коңшу өзбектерди алалы, аларда тил боюнча бир дагы мыйзам кабыл алынган эмес. Бирок, эл өз тилинде жакшынакай эле сүйлөп жүрөт.