БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Социалдык өнүктүрүү фондусунун төрагалыгына Нурдин Ибраевдин дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Соцфонддун мурунку төрагасы Мухаметкалый Абулгазиев президенттин жарлыгы менен биринчи вице-премьерлик кызматка дайындалган.
Ибраев буга чейин аталган мекеме төрагасынын орун басарлыгын аркалап келген.