БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Мэрия Ленинград блокадачылары коомунун төрагасы Анна Кутановага материалдык жардам бергенин муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы мэр Албек Ибраимовдун атынан Кутановага 24 миң 500 сом берди.
Акчалай жардам Кутанованын Санкт-Петербургдагы Ленинград блокадачыларынын эл аралык ассоциациясынын XXV майрамдык съезддине баруу алдында тапшырылды.