БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жума күнү, 15-апрелде борбор калаада күн 24 градуска чейин ысый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, күн ачык болуп, шамалдын багыты өзгөрүлүп, мелүүн жел согуп турат.
Ал эми Таласта 23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 25 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдө 17 градус жылуу болсо, Нарында абанын температурасы 20 градуска чейин көтөрүлөт.